super.kg logo

Коронавирустан "таза" чыгып жаткан Таластын сыры эмнеде? Талас облусундагы көзөмөл жайынан фото, видеорепортаж

 

Учурда Кыргыз өлкөсү боюнча жалгыз Талас облусунда коронавирус инфекциясы катталбай "таза" бойдон калууда. Бул боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев: "Облуста чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор деле болгон. Бирок көпчүлүгү Бишкек шаарында болуп, оорулууларды убагында аныктап, алар менен байланышта болгондорду убагында обсервацияга алганга жетишип калдык. Экинчиден, аталган облуста көзөмөл катуу жүргүзүлдү. Облустук штаб өзүнүн ишин жакшы аткарып жатат", - деп билдирген.

SUPER.KG порталы Талас облусунда көзөмөл кандай жүрүп жаткандыгына күбө болуп, жеринен алынган фоторепортажды сунуштайт.

Таласка баратканда алгач Өтмөк ашуусунан түшкөндө Талды-Булак айылында блокпост орнотулган.

Жарандар бул вагонго кирип, документтерин текшертишет.

Вагондун ичинде жарандар аты-жөнүн, каттоосун көрсөткөн документти толтуруусу кажет.

Талас району боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы
Кадыркул Чотоев 24-марттан тартып толук кандуу иштеп башташканын билдирди.

- Саламатсыздарбы? Учурда канча киши көзөмөлдө туруп жатасыздар?

- Саламатчылык. Бир нөөмөттө 2 МАИ кызматкери, 2 укук коргоочу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 кызматкер турабыз. Мен марттан бери ушул жердемин. Үйгө кээде эле барбасак, негизинен бул жактабыз. Таласка каттоосу барларды гана киргизип жатабыз. Азык-түлүк, күйүүчү май ташыгандарды каттоосуна карап, документтерин тыкыр текшерип, анан өткөрөбүз.

- "Таласта эмне үчүн коронавирус аныктала элек?" деген суроо элде көп болуп жатат. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

- Биз бул жакка келгендерди тыкыр көзөмөлдөп, тест алып жатабыз. Колубуздан келишинче күн-түн дебей текшерип, эгер тест коронавирус бар деп көрсөтсө, дароо обсервацияга жөнөтөбүз. Ал эми экинчи тестти ошол жактан тапшырышат.

Мен жалпы жарандарга кайрылат элем, зарыл жумушуңуздар болбосо, жолго чыкпай эле коюңуздар. Бул өзүңүздүн да, элдин да коопсуздугу үчүн маанилүү!

- Маегиңизге рахмат!

Эгер документте маселе жок болсо, жарандар 50-100 метр жөө басып,
анализ тапшырган жайга барышат. Анализ тапшыруу үчүн минтип кезеги келгенче
сыртта күтүп турушат.

Имараттын ичинде талапка ылайык антисептикалык каражаттар орнотулган.

Атайын бланктар толтурулат.

Көзөмөлдөн өткөн ар бир жарандан минтип экспресс-тест алынат.
"Биз, Кудайга шүгүр, таза чыктык".

Талды-Булак айылынын тургуну, лаборант Салия Чотоева бир суткада 250-300гө жакын адамдан экспресс-тест алып жатышканын айтат. "Биз эртең мененки саат 09:00дөн эртеси күнкү
09:00гө чейин нөөмөттө турабыз. Күнүнө 250-300 адамдан экспресс-тест алып жатабыз.
Тесттин жыйынтыгы 15 мүнөттө чыгат. Эгер таза болбой калса, ПЦР-тест алынат"
, -
дейт Чотоева.

Ал эми Талас райондук ооруларды алдын алуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгер-паразитологу Айнура Курманбаева Талды-Булак айылынан тышкары Казакстан аркылуу
Таласка кирген Чоң-Капка айылындагы көзөмөл жайында да нөөмөттө турарын айтат.

Айнура Курманбаевадан кандай шартта иштеп жаткандыгы, өкмөт тарабынан айтылган кошумча айлыкты алып жатышабы-жокпу, ошол тууралуу сурадык.

- Айнура айым, көзөмөл жайынан жарандардын тести коронавирус бар деп көрсөтүп калса, кандай иш жүргүзүп жатасыздар?

- Туура, жарандардын экспресс-тести коронавируска күмөн жараткан учурлар болду. Аларды кайсы райондун тургуну болсо, ошол жактагы үй-бүлөлүк борборунун дарыгерлерине чалабыз. "Тез жардам" кызматы менен фельдшерлер жеткирип барышат. Алар тосуп алышат. Ал жагы уюштурулган. Кээде майлуу тамак жеп алса да экспресс-тесттен оң жыйынтык чыгара берет.

- Сиз Чоң-Капка көзөмөл жайында да нөөмөттө турат экенсиз. Ал жакка тосмолор качан орнотулган?

- Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө келе электе, 26-январда вирустун алдын алуу үчүн Чоң-Капканы тосуп, обсервация уюштурулган. Биз вирустун алдын алып, тыкыр көзөмөл кылып жаткандыгыбыз үчүн коронавирус бизден чыкпай жатат деп ойлойм.

- Өкмөт коронавирус менен күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлер кошумча айлык алды деп маалымат берди. Сиздер алдыңыздарбы?

- Биз Чоң-Капкада турганда суткага чыкканыбыз үчүн, анан жол киреге берип жатышты. Январь-февраль айында ошентип иштедик. Март айында Чоң-Капкада турганыбыз үчүн ала элекпиз. Бул жактагыбызды беришти.

- Үйүңүзгө барганда кооптонуу болобу?

- Албетте, кооптонуу болот. Өзүбүздү, балдарыбызды коркунучка кептебеш үчүн колдон келишинче коопсуздук чараларын аткарып жатабыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(19)
02.05.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таласта бир райондун эли бар ошончун катталган жок, калкы аз.
02.05.2020. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сүрөтү, видеосу, интервьюсу да бар экен. Суперге жаңы кабарчы келген го. Аты-жөнү да жок))) Каталарын айткыча оңдоп салган турбайбы.
02.05.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таластыктарга вирус жетпегенинин бир эле сыры бар, аны элдин баары билет. Вирус өпкөдөн кармайт экен го)))
02.05.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS,келбейсинби Таласка сенин да опконду алып койойук за то уверенно журосун?!
02.05.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баракелде эң негизгиси талаптарды туура сакташыптыр. Оштон салам
02.05.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Төшүн (өпкөсүн) дзотко тоскон, вирус эмне болуп калыптыр Таластыктар үчүн азаматсыңар туугандар кантсе да Манастын духу бар духтан түшпөгүлө эч качан Аллахым колдосун!
02.05.2020. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ананайын Таластыктар Кыргызстанга жакшы үлгү болдунарго аз бирок саз молодцы сыймыктанабыз
02.05.2020. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Таластыктар аз болсо кантип жукмак эле.жон эле сенсация кыла бербегилечи.
02.05.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Azyk_tegin, )))) ичин куйсо туз жала аябай чычалайсын го чырагым! Кудайга шугур кылабыз чыккан жок чыкпай эле койсун! Бут Талас элимдин атынан кыргызымдын ар бир жаранына ден соолук тилейм биртууган сага да!
03.05.2020. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
engel,Таластыктар ды мактай эле берсе э силерге мактанган ды 1чиге койсо, анан курук эле дердендеп тошунорду кага берсенер курсагынар тойот))))
02.05.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Фасоль жеш керек окшойт. Фасольдун пайдасы коп окшойт деген ой келип кетти
02.05.2020. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вирус маалында умрага барып келип или дааватка барган или вирус бар олкодон келгенбери jок болсо керек еле да,мисалы башка райондорго деле барбады го вирус ошонбой еле кеп
02.05.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коро албай эле ар нерсе дей бербесенер. Тамаша. Биздин район Талас менен чектеш. Даже бизден чыкты го вирус. Таластын эли аз болгону менен Бишкеке келип кетип каттагандар коп. Негизи булар чынында талапты жакшы аткарып жатышат. Азаматтар!
03.05.2020. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булар катуу козомол кылды да,ака-ука откоруп кой дегендерди укпай...Талапты туура,так аткарып жакшы улгу корсотушту.Мен баа бердим.
03.05.2020. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токтогулда деле жок, за то элдин баары районду аралап отуп жатышат
03.05.2020. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ушул теманы очуруп еле салгылачы супер Коз тийет
03.05.2020. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат экен Таластын жигиттери козомол катуу жургузду . Губернатору да жакшы адам экен ушундай улгу болуш керек
aytunuk түзөттү 2020-05-03 19:31:38
03.05.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жукпай эле койсун, ушул да жанылыкпы эми? Жукпаганы жакшы да.
04.05.2020. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым эч бир жерге ата кылбасын бул аты жаман корона вирусту. Бирок менин ойлошумча оштун бир районундай эле калк барда Таласта. Мисалы Ноокат районуу менен бирдей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: