super.kg logo

Оштун ыйгарым укуктуу өкүлү: "Бүгүнкү күндө талапка жооп бербеген ишканалар дагы ишке чыгып алышты"

 

"Бүгүнкү күндө талапка жооп бербеген ишканалар дагы ишке чыгып алышты" деп бүгүн, 2-майда онлайн маалымат жыйынында өкмөттун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Ал 1-майдан баштап жеңилдиктер берилди деп айылдарды кыдырып кеткен туура эмес экенин эскертти. "Медицина кызматкерлеринин берген талаптарына ылайык иш жүргүзүү керек. Өндүрүш тармагында иштеген кызматкерлерди жумушка алып келүү үчүн унаалар шартка жооп бериши зарыл. Объекттерге кирердин алдында жарандардын дене табын өлчөө керек. Талаптарга жооп берген ишканалар гана ачылат. Мекеменин ичин тазалап туруу зарыл. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги талаптарды сунуштап жатат. Бирок бүгүнкү күндө талапка жооп бергени да, бербегени да ишке чыгып алышты.

Ош шаарында өзгөчө абал уланууда. Ош шаарына көп келе бербөө шарт. Ушунча кылган мээнетти текке кетирбөө зарыл. Талаптарды аткарууга чакырам", - дейт Жылкыбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.05.2020. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озунор талапка жооп бербесенер мыйзамды бузуп элге кантип талап коюп жатасынар озунордон баштагыла талапты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: