super.kg logo

Орусиянын Москва облусунда бет кап тагынбагандарга 4 миң рубль айып салына баштайт

 

Орусиянын Москва облусунда 12-майдан тарта медициналык бет кап тагынбагандарга айып салына баштайт. Бул тууралуу Москва облусунун өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция, МАИ жана башка укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар бул жаңы эреженин сакталышын көзөмөлдөп турушат. Алар медициналык бет кап кийүүгө кеңеш берип, антисептикалык каражаттарды колдонуп жүрүүнү түшүндүрүшөт. 12-майдан тарта медициналык бет кап тагынуу милдеттүү болот жана бет каптын жоктугу үчүн айып салына баштайт.

Облустун басма сөз кызматынан билдиргендей, Москванын административдик кодексине ылайык, эреже бузгандарга 4 миң рубль айып салынат.

Эскерте кетсек, Орусияда коронавирус инфекциясы аныкталгандар күн сайын күчөп жатат. 2-майга карата бул өлкөдө 124 миң 54 адамдан инфекция аныкталды. 1 миң 222 адам каза болсо, 15 миң 13 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.05.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жить захочешь и использованную маску натянешь!
03.05.2020. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли,маска тагып журо беребиз,карантин бутсо эле болду. Иштен чарчадык дейт элек,эми суйунуп иштейбиз го буюрса.
03.05.2020. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,туура айтасыз эми без вых деле иштейбиз деп отурабызго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: