super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Лейлектин Кара-Булак айылында мөндүр жаап, алманын гүлдөрүн күүп кетти" дейт окурман

 

"Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылына катуу мөндүр жаап, бүчүр ача баштаган алманын гүлдөрүн күүп кетти", - деп жазат "Элдик кабарга" окурман.

Окурмандын айтымында, бүгүн, 2-май күнү саат 17:30 чамасында катуу шамал болуп, күн күркүрөп, мөндүр төккөн.

Видеодо мөндүр чоң экенин жана катуу жаап өткөнүн байкаса болот.

Буга чейин Исфанада сел жүргөнүн кабарлаганбыз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.05.2020. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алманын гулдорун кубуп кетти десенер!Кууп кетти дейт го)))))))
03.05.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nur777,Бөйрөктөн - шыйрак чыгарганга эле акылың жеттиби? Канча эл карантинде кыйналып турганда, мындай апаат болуп өттү. Ошолорго көңүл айтканга эки ооз сөз таппай, тил боюнча адис болбой эле кой. Лейлек диалектисинде "күүп кетти" деп айтылат. Билбесең, билип жүр!
03.05.2020. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турак- жайлардын ичине чейин сел кирип,талаада эгилген эгиндер, алма жана башка бак-дарактар быйылкы жылы түшүм бербей турган абалга чейин жабыр тартыптыр. Бул табияттын кырсыгы, Элим үчүн чооң сыноо. Баарыңыздарга сабрырдуулук каалаймын. Алтын башыңыздан аман болсо, калган нерсе баары табылат.
03.05.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет башчылары жоноп кетти дейт,жардам берээр бекен...Карапайым элге кыйын болду,бир жагынан карантини бутпой.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: