super.kg logo

"Бейтаптарды үйлөрүнө кетирип...". Түркмөнстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин келишине даярданууда

 

Түркмөнстанга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери келип, эпидемиологиялык абалды текшерет. Мындай маалымат өткөн аптада эле чет элдик басылмалар тарабынан жазылган.

Буга байланыштуу аталган өлкөнүн жугуштуу оорулар ооруканаларында бейтаптарды массалык түрдө үйлөрүнө чыгарып жатканын жергиликтүү маалымат булактары кабарлашууда.

"Ашхабад шаарындагы жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында бейтаптар дээрлик калган эмес. Ал эми Чоганлы аймагынын жугуштуу ооруларды алдын алуу жана дарылоо борборунда палаталар 80 пайызга бошогон. Мындан тышкары Түркмөнабад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасындагы карантин зонасы күтүүсүздөн бош калган. Карантинде жана обсервацияда жаткандардын да саны азайган.

Албетте, мындай чаралар менен өлкө бийлиги жакында келүүчү текшерүүгө даярданып жатышканы айкын. Бирок чындыгында коронавирустун алдын алуу боюнча жасалып жаткан иш-чаралар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жана сунуштарына туура келбейт. Мисалга өлкө 9-майга арналган массалык иш-чарага даярдыктарды көрүүдө. Ошондой эле дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге коронавирус тууралуу эскерүүгө, сүйлөөгө тыюу салынганы маалым. Мындан улам көпчүлүк медициналык мекемелерде коронавирустун белгилери менен келген бейтаптар катталбай, катталып анализ тапшырса да, баарынын жайынтыктары таза чыккан болуп калууда. Жарандар арасында коронавирус тууралуу сүйлөгөндөр болсо, аларга айып пул салынып жатат. Эл аралык укук коргоо уюмдары дагы Түркмөнстанда адам укуктары одоно бузулуп жатканын байма-бай айтып келишет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.05.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Текшергени Тундук Корея га барып коргулочу Ким корсотушун билесинер
03.05.2020. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туркмонстанже закрытая страна и их граждане не ездять на курорты и тогдали.Значет нет вируса.
03.05.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KalenAlmaz,#итагдали
03.05.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буткул дуйнолук саламаттыкты сактоо уюму бул ооруну дуйно жузуно ишендире албай убара.
03.05.2020. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизге келбей бекен? Эмне менен даарылап жатасынар? Сыры эмнеде деп сурап кетишсе жакшы болмок. Тез сакайтуу боюнча буткул дуйно жузу боюнча биздин олко рекорд койдуго дейм. Биздин чондор ооруган адам кайра оорубайт дейт. Башка олко кайра ооруйт дейт. Кимисине ишенееринди билбей калган учур азыр.
03.05.2020. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек экен түркмөн башы. Кайдагы жок, саясий оюн вирусуңду урдум дида.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: