super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы маалыматтарды айтып беришти (видео, хронология)

 

Бүгүн, 3-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова менен Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы маалыматтарды айтып беришти.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-03 10:25

Айнура Акматова: "Кечээ каза болгон 2 адамдын бири Жалал-Абад облусунун тургуну. Ал Орусиядан келген аял киши. Бейтапта коронавирустан тышкары пневмония оорусу, жүрөк оорусу, кант диабети болгон. Ал эми экинчиси №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси бейтапканада иштеген кызматкер менен байланышта болгон. Анын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан 1 миллион сом компенсация төлөнүп берилет".

2020-05-03 10:18

Зуридин Нурматов: "Европа өлкөлөрүндө үйдө дарылоону колдонуп жатышат. Бирок биздин элдин менталитетин эске алуу менен бейтаптарды обсервацияларда, ооруканаларда кармоого туура келип жатат".

2020-05-03 10:15

Зуридин Нурматов: "Ооруну жугузуп алгандын баары эле ооруп калбайт. АКШнын окумуштууларынын маалыматына караганда, жуктуруп алгандардын 65 пайызга жакынында оорунун белгилери билинбей өтүп кетет. Бизде дагы коронавируска анализ тапшырганда 65 пайызында симптомдор табылган эмес. Бирок алар башкаларга жуктурат".

2020-05-03 10:12

Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:

• Чүй облусунда – 2;
• Бишкек шаарында – 5.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 207 медициналык кызматкерде катталды. Алардын ичинен 139 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-03 10:08

3-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 26 адам жуктуруп алганы аныкталды:

Бишкек шаарында – 14;
Ош облусунда – 2;
Чүй облусунда – 9;
Баткен облусунда – 1.

Муну менен республика боюнча жалпы сан: 795ке жетти.

2020-05-03 10:05

Бир сутка ичинде 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаарында – 21;
Ош облусунда – 1;
Ош шаарында – 6;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 2;
Нарын облусунда – 6.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-05-03 10:03

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында акыркы сутка ичиндеги маалыматтарды берүү оор болуп жатканын жашырган жок. 

Кечээ, 2-май күнү коронавирус илдетинен 2 жаран каза болгону маалым болгон. Анын бири №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси. Көзүнө жаш алган Айнура Акматова өзүнүн жана министрликтин атынан каза болгон дарыгердин жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтты.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: