Лейлек району. Үйлөрдү жууп кеткен селден кийинки көрүнүш (фото)











Бүгүн, 3-май күнү Баткен облусундагы Лейлек районунда жүргөн селдин калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 3-май күнү өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ сел болгон аймакта жүрөт. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды. Жалпысынан аталган министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ, 20 куткаруучу жана 4 грейдер, 2 жүктөгүч унаа, 1 самосвал, жеке компаниядан 1 жүктөгүч унаа ишке тартылды", - дешти басма сөз кызматынан.
2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн короолоруна, “Арча-Бешик” бала-бакчасынын жер төлөөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел кирип кеткен. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көк-Таш унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум шагылдарга толтурган.
3-май Лейлектеги селдин калдыктарын тазалоо иштери
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
assanov97

03.05.2020. 15:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкуш баткен жер титересе да чекара сел
raikakyz

03.05.2020. 16:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай сактасын тилсиз жоодон.Лейлек эли кучтуу эл!
Saitov79

03.05.2020. 20:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллах озу сактасын баарыбызды
Farra16gsin

03.05.2020. 20:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сабыр эткиле туугандар булда болсо Алланын сыноосу
Tymar

04.05.2020. 11:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык болбой тенирим озу колдоп турсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.