super.kg logo

Ош шаарынын биринчи вице-мэри: "Ош шаарында жакында эки жаңы ишкана ишке кирип, 1600 адам иш менен камсыз болот"

 

Бүгүн, 3-май күнү Ош шаарынын экономика тармагы, салык, бюджет, антикризистик программа, өндүрүш ишканаларга уруксат берилиши тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн жыйын берүүдө.

Жыйында Турдуев коронавирус пандемиясынан улам бир катар ишмердүүлүк токтоп калганына байланыштуу Ош шаарынын бюджетине түшчү салык жана салык эмес жыйымдардын көрсөткүчү кескин төмөндөгөнүн билдирди.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Ош шаарынын жергиликтүү бюджети бир жылдыкын алганда 150 миллион сомго чейин жоготууга учурашы мүмкүн. Шаарга киргизилген чектөөлөргө байланыштуу январь-апрель айына берилген план 386 миллион 780 миң сом болсо, анын 299 миллион 585 миң сому гана аткарылды. Апрель айына карата бюджетке планга коюлган 102 миллион 200 миң сомдун ордуна 37 миллион 700 миң сом гана жыйналды. Ошого байланыштуу жергиликтүү бюджетке түшпөй калган болжолдуу 150 миллион сомдун ордун толтуруу үчүн антикризисттик программа иштеп жатабыз.

Шаардык мэрия тарабынан иштелип чыккан антикризистик программада жаңы ишканаларды ачуунун үстүндө иштеп жатабыз. Май, июнь айларында "Кыргыз унаа" машина куруу ишканасы ишке киргизилет. Андан сырткары жакынкы айларда "Кыргыз текстиль ltd" ишканасынын биринчи этабы ишке киргизилүүсү пландалып жатат. Ишканалар иштеп баштаса, 1500-1600 адам жаңы иш орун менен камсыз болот," - дейт Ош шаарынын биринчи вице-мэри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: