super.kg logo

Беларуста коронавирус жуктургандардын саны 16 миңге чукулдады. Ага карабай 9-Майга карата жөө жүрүш өткөрүлмөй болду

 

Беларусь өлкөсүндө Жеңиш майрамына арналган жөө жүрүш өткөрүлмөй болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Миңдеген беларусь эли Минскте Улуу Ата Мекендик Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата жөө жүрүштүн өтүүсүн каалашат. Эгер биз коронавирус эпидемиясынан чочулап өткөрбөй койсок, эл биздин чечимибизди колдобой коюусу мүмкүн. Беларусь - согуштун тирүү эстелиги", - деген президент Лукашенко.

Ошондой эле президент эпидемиолог жана вирусологдордун көз карашында аталган иш-чара өлкө үчүн андай деле чоң коркунуч туудурбай тургандыгын айтат. "Анткени мурунку жылкы өткөрүлгөн иш-чараларда чектөө коюлбаса деле эл өзү билип коопсуздукту, эрежелерди сакташкан", - дейт Лукашенко.

Беларуста 7000ден ашуун адам коронавирустан улам жөө жүрүштү өткөрбөө боюнча петиция чогултушкан. Ага жооп катары Коргоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал иш-чараны өткөрүүгө коркунучтуу эмес деген бүтүм чыгарган.

3-майга карата катталган статистикага ылайык, Беларуста 15 миң 828 адам коронавирус жуктурган, 97 адам каза болгон. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөгө карантин жарыялоо керектигин эскертишкенине карабай Беларуста чектөөлөр киргизилген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.05.2020. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Беларуста эшикке чыккыла топтолгула дегени кызык го.Наше Бакиев чё делаеть там.
03.05.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен деле откормокмун Президент болгонумда!Тазалыкты сактап откорсо боло берет! Парадды откоруп паратты коруучулорго тыюу салып и майрамды уйунордо откорсо боло берет эле!
03.05.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу жагы мн мактанайын деп атат окшойт президенти элдерин жертва кылып. Дуйно жузу корккон вирустан биз кана корккон жокпуз дегиси келип атат да. Жуктуруп алгандар, олгондорунун убал сообу эмне болот? Болбосо бир кишиден жуз кишиге жугуп кетип атканын жаш бала деле тушунуп болду го.
03.05.2020. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буткул дуйнолук саламаттыкты сактоо уюму Лукашенкону ишендире албай койгон го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: