super.kg logo

"Коронавирустун белгилери байкалбаган бейтаптарды жайгаштырса болот". "Манас" аэропортунда бир мезгилде 670 адамды кабыл алуучу жай даярдалды

 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мурдагы "Манас" транзиттик ташуулар борборунун аймагында обсервациялык пункттарды даярдоонун жүрүшү менен таанышты.

"Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, болжол менен 670 адамды жайгаштырууга эсептелген 6 корпусту оңдоо иштери жүргүзүлдү. Палаталар бардык тиешелүү жабдыктар менен жабдылган жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Бул имараттарды обсервация катары пайдаланууга болот, ошондой эле аларга оорусу жеңил өтүп жаткан же тиешелүү медициналык көзөмөл үчүн илдеттин белгилери билинбеген бейтаптарды жайгаштырса болот", - деди Кубатбек Боронов.

Эки адамга эсептелген ар бир палатада душ жана ысык тамак берүү үчүн атайын терезелер бар. Мындан тышкары медициналык кызматкерлер үчүн атайын имараттар каралган.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, аталган объектилер оорулуулардын жана медициналык кызматкерлердин, тийиштүү персоналдардын коопсуз жана ыңгайлуу иш алып баруусу үчүн бардык талаптарга жооп бериши шарт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.05.2020. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даярдасаңар алып келбейби Россиядагы кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан мекендештерибизди. Жумуш жок акчалары түгөндү.
04.05.2020. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмиби...Мурдатан даярдаса болот беле?! Ак-Кеме жана башка кымбат отельдерди бюджеттин эсебинен арендавать этпей эле алдын ала даярдап койсо болот эле го,анда да баары отельде эмес обшарпанный бир жерлерде камап отурдунар го элди кыйнап.Озбекстан алдын ала шаардын сыртындагы полигонун даярдап коюшкан,а кыргыз тушко чейин уктап эми бутойун дегенде базаны даярдадык деп,туура айтышат,шалаакы окмот,чабал окмотсунор!!!
04.05.2020. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми даярдаганынарга караганда силер Кыргызстанда вирус кузго чейин болот дегенинерби,кандай тушунсо болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: