Казакстанда төрөлгөнүнө 18 күн болгондо коронавирус аныкталган ымыркай илдеттен айыкты
Казакстандын Алматы шаарында 1 айлык ымыркай коронавирустан айыкты. Бул тууралуу жазган казак басылмаларынын маалыматына ылайык, ымыркай ооруканага түшкөн кезде төрөлгөнүнө 18 гана күн болгон.
"Ымыркай төрөлгөндөн 18 күндөн кийин коронавирус аныкталган. Дарылануу учурунда бала апасынын жанында болуп, абалы оорлошкон эмес. 20 күндүк дарылануудан кийин ымыркай айыгып, 1 килограмм салмак кошкон. Учурда анын абалы канааттандырарлык болуп калды", - деген оорукананын башкы дарыгери.
Аталган өлкөдө 3-май саат 20:30га карата коронавирус менен ооругандардын саны 3 миң 913кө өстү. Анын 1 миң 84 бейтабы илдеттен арылды. Каза болгондор 27ге жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
kriss120

04.05.2020. 00:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишениш кыйын болуп калды карона вирусунарга.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.