super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө каза болгондордун саны 247 миң 326га жетти

 

4-майга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 504 миң 129га жетти. Алардын 1 миллион 125 миң 48и ооруканадан сакайып чыкса, 247 миң 326 адам каза болду.

Коронавирус илдети эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда учурда 1 миллион 157 миң 753 адам оору жуктурган. Андан 180 миң 152 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 67 миң 674 бейтап вирустан көз жумду.

Испанияда 217 миң 466 адам коронавирус илдетин жуктуруп, 118 миң 902 бейтап ооруканадан сакайып чыкты. Ал эми инфекциядан каза болгондордун саны 25 миң 264кө жетти.

Италияда болсо коронавирус менен ооругандардын саны 210 миң 717ге жетип, 81 миң 654 адам ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы 28 миң 884 адам коронавирус илдетинен дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: