super.kg logo

Сингапурдук изилдөөчүлөр Орусияда коронавирус август айында токтой турганын айтышты

 

Орусияда коронавирустун жайылуусу качан токтой турганына Сингапурдун Технология жана дизайн университетинин (SUTD) изилдөөчүлөрү эсептөө жүргүзүштү. Ага ылайык, Орусияда коронавирус 12-августта токтойт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Негизи 8-августта токтой турганы айтылган. Бирок 1-майда коронавирус жуктургандардын саны бир күндө 7 миңден ашса, ал эми 3-майда сутка ичинде 10 миңден ашык адам вирус жуктурган. Мындан улам изилдөөчүлөр алдыга дагы 3 күндү кошкон", - деп жазылат маалыматта.

Мындай алдын ала маалымат жасалма интеллекттин жардамы менен эсептелген. Анда ар кайсы өлкөлөрдүн, атап айтканда, "Our World in Data" илимий онлайн басылмасына жарыяланган регрессиялык маалыматтарга негизделген. Статистика күн сайын жаңыланып тургандыктан, алдын ала эсептөөлөрдө катачылык болушу мүмкүн жана мындай эсептөө билим берүү жана изилдөө максатында жүргүзүлүүдө. Мындан улам окурмандар муну божомол деп кабыл алуусу керектигин эскертет университеттен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: