+35. Бул соңку эки апта ичиндеги коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча эң жогорку көрсөткүч. Жалпы сан 830га жетти
Бүгүн, 4-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова акыркы бир суткада 35 адам вирус жуктуруп алганы аныкталганын билдирди.
Ал маалыматты онлайн маалымат жыйынында билдирди. Алар:
Бишкек шаары – 26;
Чүй облусу – 2;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 1.
Акыркы күндөрү өлкөдө коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандардын саны азая баштаган эле. Бүгүнкү күндөн улам алып карасак, анда соңку ирет эки апта мурда, 19-апрелде вирус катталгандардын саны боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Тактап жазгылачы .обсервацияда жаткандардан чыгып атабы ошондо.