super.kg logo

Лейлек районунун акими: "Селден жабыркагандарга жардам берүү кыйын, алар турак жайларын камсыздандырышкан эмес"

 

Баткен облусунун Исфана шаарында 2-майда сел жүрүп, жашоочулардын турак үйлөрүн каптап, зыянга учураткан. Азыркы тапта аталган аймакта табигый кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын чыгымы эсептелип жатат. Маалыматка ылайык, селден жабыр тарткан турак үйлөрдүн дээрлик 90 пайызы камсыздандырылган эмес. Азыркы тапта аларга жардамга колун сунуу маселе жаратып жатканы тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кеп салып берди.

- Сел жүргөн аймакка аким катары барып, эмнелерге күбө болдуңуз?

- Ооба, райондун акими катары сел жүргөн аймакка барып, ар бир үйдү өзүнчө кыдырып чыктым. Албетте, кырсык каш кабактын ортосунда дегендей, кырсык биздин районго күтүлбөгөн жерден келди. Себеби кичинекей эле аралыкка өтө чоң көлөмдө түшкөн мөндүрдүн кесепети Исфана шаарындагы Тогуз-Булак, Бешкент, Маргун жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнө өзүнүн зыянын тийгизди. Апааттан 4 айыл гана сак калды. Табигый кырсыктан улам районго өзгөчө кырдаал жарыяланып, ар бир кызмат өз милдетин аныктап, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми бүгүндөн баштап табигый кырсыктын келтирилген зыянын жоюу боюнча комиссия иштей баштады.

- Турак жайынан кол жууган, баш калкалоого жайы жок калган жарандар азыр каякта? Алар кантип, кимдикинде баш калкалап жатышат?

- Учурда жабыр тарткан жарандар Исфана шаарында эле. Үйлөрүнө кээ бирлери кирип, жашоосун улантып жатышат. Ал эми үйлөрүн сел алып кеткендер болсо кошуна, тууган-туушкандарынын турактарында баш калкалашууда. Бул кырсыкта чынын айтып коюш керек, камсыздандырылбаган үйлөр көп болуп жатат. Бул учурду элге жеткирүү да кыйын болууда. Азыр мурдагыдай насыя же ссуда бере коюп, аны менен үй жайды оңдоп ала турган заман өткөн.

Мындан улам кырсыктын кесепетинен жабыркаган турактарды камсыздандыруу менен гана калыпка келтирүүгө болот болчу. Камсыздандырылбаган турак жайларга эч кандай жардамдар берилбейт. Мисалы, кырсыктан 10-15 турак жайлары жабыр тартса, анын 1 же 2өөсү гана турак жайларын камсыздандырышкан. Муну менен камсыздандыргандар гана жардам ала алат, ал эми калган жарандарга жардам берүү кыйын деп түшүнсө болот. Чынын айтканда, селдин кесепетинен жабыр тарткан турактардын дээрлик 90 пайызы баш калкалоочу жайларын камсыздандырган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
04.05.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
уят мамлекет жардам бербесе неге отурасынар анан кобинетте
04.05.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
тенирим кырсыктан сактасын.
04.05.2020. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сволуштар
04.05.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Силерден эч Ким жардам кутпой деле калды азыр.
04.05.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринчи силер камсыз кылбайсынарбы былчыйбай, ошондой сел келгенде озунчо канал менен кете тургандай кылып
04.05.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nurik1988,негизи ал жер тилкелири генплан боюнча сатылбаш керек, и курулушка да берилбейт деп жазылган. Акмак мэрия жер тилкерин арзан баада сатып алып отурат
04.05.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш менен кабактын ортосунда туура айтат бирок жабыр тарткан адамдардын озундо да куноо бар, турак жайынарды камсыздандыргыла деп мериядан коп айтылган неге жарандар убагында страховка кылбаган. Убагында страховка кылганда азыр мамлекет жабыр тарткандардын абалына карап 100 пайыз толоп бермек.
04.05.2020. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Usow,Страховканын баасы кымбат болсо кантмек эле?Айлык аз,страховка кымбат олкодо жашап жатабыз.
04.05.2020. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сайдагы жер тилкелерин сатышып... бардак
05.05.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өкмөттүн шылтоосун карасаң.бул ошол өкмөттүн шалаакылыгынан эл жабыр тартып жатат.кырсыкка чейин өкмөт алдын алуү иштерин жасаш керек болчу сайларды кеңертип.эми адам көчөдө калып атса тапкан шылтоосун кара бети жоктордун.
05.05.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге жардам бербейсинер страховкасы болсо кыйратып ийчудой болуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: