Комендант борбор калаадагы ишин баштаган мекемелер санитардык эрежелерди сактабай жатканын айтты
Бүгүн, 4-майда Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берди. Анда комендант 1-майдан тарта ишин баштаган мекемелер санитардык эрежелерди сактабай жатканын айтты.
"Урматтуу шаар тургундары! Экономикалык ишкердүүлүктү жандантуу максатында, 30-апрелде чыккан буйрукта алгач кайсы мекемелер ишин баштаары көрсөтүлгөн. Ошого жараша кээ бир мамлекеттик ишканалар, курулуш мекемелери жана такси кызматтары ишин баштаган. Тилекке каршы алар тараптан санитардык эрежелер сакталбай жатат. Такси айдоочулары бет капсыз, уруксат кагазы жана патенти жок, адамдардын санына карабай иштеп жүрүшөт. Мындан тышкары чач тарач, сулуулук салонунда иштегендер да бет капсыз иштеп жатышат", - деди комендант.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
marat_1910

04.05.2020. 13:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч нерсе кыла албайсынарбы, анда общий эле ачпайсынарбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.