super.kg logo

УКМК: Оппозициянын 8-9-10-сентябрда өлкөдө баш аламандык кылуу пландарынын бети ачылды

 

Оппозициянын 8-9-10-сентябрда бийликти кулатуу пландарынын бети ачылды. Бийликке каршы Ысык-Көл жана Нарын элин көтөрүп чыкмакчы болгон иштердин башында мурдагы депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров, экс-министр Аликбек Жекшенкулов жана башкалар бар экен. Муну оппозиция менен буга чейин иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга билдирди. Сүйлөшүү жашыруун камерага тартылып, видеотасма 2-сентябрда телеканалдар аркылуу жарыяланды. Анын айтымында, оппозиция азыркы бийликти кулатуу үчүн 3 долбоор даярдоодо.  

 

"Биринчиси - "Кубакы ашуусу" долбоору. 8-сентябрда Бишкек - Ысык-Көл - Нарын - Балыкчы унаа жолу тосулат. Ар бир тосулган жерде 600-700дөн киши болот. КамАЗдарга арматура, үстүнө таштар жүктөлүп аймакка жеткирилмекчи. Муну уюштуруучулар бир кафенин курулушуна керектүү материал катары алып өтүшөт. Кокус Жети-Өгүздөгүдөй ызы-чуу чыгып кетсе, арматураларды ОМОНдорго каршы колдонуу пландалган".  

 

"Экинчиси - "Юпи" долбоору же Нарын дарыясын уулоо. Операцияны Эки-Нарындын башына барып жайгашкан жашыруун топ ишке ашырмакчы. Ал топ Нарын дарыясына уулуу химиялык порошок салып, дарыяны ууландырат. Бул учурда Нарын шаарында облустун 85, шаардын 145 жылдыгына арналган балыкчылардын сынагы орун алат. Алдын ала атайын кармалган балыктарга шприц менен курамында цинк бар химиялык кошулма сайылып, анан дарыяга ташташат. Бул убакта суу булганып, муну коомчулукка жар салып ызы-чуу чыгарыш үчүн атайын сүйлөшүлгөн балыкчылар даяр турат. Аларда кокустан видеокамера пайда болот да, окуяны тартып алып, бүт мамлекеттик органдарга таратат. Муну менен оппозиция паника жаратат. Буга күбө болгон активдүү жаштар гана эмес, төшөктө жаткан пенсионерлер да үйүнөн чуркап чыгат. Бул пландарды "Хизбут-Тахрир" уюмунун өкүлдөрү ишке ашырат".  

 

"Ал эми үчүнчүсү тууралуу биз да жакшы билбейбиз. Айтышты, үчүнчү долбоор алдынкы экөөнө салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй күчтүү план деп. Анын жанында "Юпи" долбоору бул жакта эле калат дешти. Билбейм, террордук акт эле болот го анда. Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин чоң жыйын болот. Ага Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Аликбек Жекшенкулов жана башкалар катышат. Камчыбек Ташиевдин катышары же катышпай турганы азырынча белгисиз".  

 

Оппозициянын 3 планы тууралуу Өмүралиев ушуларды билдирди.

 

Айта кетсек, Өмүралиев 24-августта Соң-Көлдө өткөн жаштар курултайынын уюштуруучуларынын бири жана алып баруучусу болгон. Май, июнь айларында Жети-Өгүздө өткөн митингдердин да активдүү катышуучусу. Кесиби юрист, жеке адвокат болуп иштейт. Ал буга чейин азыркы оппозиция менен иштешип келгенин, бирок эми алар менен кызматташууну токтотконун айтты.


кошулду





Оппозициянын 8-9-10-сентябрда өлкөдө баш аламандык кылуу пландарынын бети ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(48)
02.09.2013. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч эле отургусу келбей атса, анда камака отургузуп коюш керек
03.09.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurbol, Бекер чыгарган буларды, бекер... 8-9-10 болсо баягыл эле Саммиттин алдында, чет олкодон коп журналситтер келээрин билип булардын бул пландап жатканы чыккынчылыкка жатат, мындай душман деп айтсам жанылбаймын адамдарды атып эле салса жарашат. Бийликте олтуруп эмнени кыйратышты, эптеп акча жегенден башка.
02.09.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин курту чонойуп кеткичекти тазалаш керек! таза адам экенго.
02.09.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга емне жетпей билбей, жонеле журоберишпейби ызычуу чыгарбай,елди ойлобой еле бийлик алышты ойлойт.Элди ойлошсо ушундай ишке барабы.Эртенки кунду ойлойлу,барыбыз бул дунодон отобуз,эчкимибиз байлык алып кетпейбиз.Ошондуктан ойлонуп иш кылалык.

02.09.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык, 24чу августтагы курултай кантип 27чи августта тартылып калат???
03.09.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sagy, Курултай 24 болгон, ал эми бул пландарды ГКНБга 27 августта айтып берген, ошого да башынар жетпейби, кичине билимдуурок болгулачы туугандар бироого жем болбой...
02.09.2013. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол жагы кызык экен
02.09.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы бир жолу шерменде болот экенбиз да.
02.09.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуралиев деген ким озу мурун бийликте иштегенби же?
03.09.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
MEDER_KULETOV, Омуралиев 3 жыл бою оппозиция менен аралашып жургон адам
02.09.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жапаровдун отконку берген созундо, мандатымды алса деле тынч эле оокатымды кыла берем деген созу кана,? буларды деги колдогон кишилер барбы озу? улуу урматтуу ажо башчы, ушул шумшукторду 10-15жылга турмого тыгып койсонуз ото жакшы болот эле. кыргызстандын келечегин ойлобогон айбандар, калп эле кооз созунон башка эч нерсе кылышбайт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: