Ошто согуш ардагерлерине 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды




Ош облусундагы 23 согуш ардагерине 10 миң сомдон акчалай жана азык-түлүк баштыктары тапшырылды. Ардагерлерге сыйлыктарын Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев тапшырган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Мындан тышкары ардагер аталарыбызга баалуу белектер тапшырылды. Буга чейин президенттин жарлыгына ылайык, ар бир согуш ардагерине 75 миң сомдон, тылдын ардагерлерине 15 миң 600 сомдон акча жеткирилген.
Быйыл карантиндик абалга байланыштуу борбордук аянтта парад өткөрүлбөгөндүктөн, жер-жерлерде ардагерлерге барып кабар алып жатабыз. Мындан сырткары онлайн форматында "Өлбөс полк" өткөрүлөт. Ош облусу боюнча согуштун 23 ардагери жана 710 тылдын ардагери бар", - деди маалымат катчы.
Ошто 23 согуш ардагерине 10 миң сомдон акчалай сыйлык таратылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
KaGaH

04.05.2020. 15:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят 10 миң
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.