Казакстанда аскерге чакырылган жарандар коронавируска текшерилет
Казакстанда аскер кызматын өтөөгө чакырылган жарандар милдеттүү түрдө коронавирус инфекциясына тест тапшырышы керек. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.Буга чейин өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев жазгы чакырылыштын аяктоо мөөнөтүн июнь айынан август айына чейин жылдыруу тууралуу буйрук чыгарган.
"Жергиликтүү бийлик органдары аскер кызматын өтөө үчүн чакырыла турган жарандарга ПЦР-тест жүргүзүүсү зарыл. Ошондой эле жарандарды аскерге чакырууда жана аларды чогултууда бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталуусун камсыздоого тийиш. Аскерге чакыруунун жанданышы өлкө жай турмушка кайтып келе баштагандыгынан кабар берет", - деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматтарга ылайык, Казак өлкөсүндө жалпы 3 миң 900 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 27 адам көз жумган. Ал эми карантиндин убактысы 11-майга чейин узартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:29
2025-11-06
15:17
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















