super.kg logo
  Саясат  

Соң-Көлдө өткөн курултайдын максаты - элдин реакциясын билүү болгону айтылды

 

“24-августта Соң-Көлдө өткөн жаштардын курултайы мониторинг катары уюштурулду. Аны “Кумтөр” үчүн бийликке каршы канча киши чогуларын билүү максатында уюштурганбыз”,- деди буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев. Сүйлөшүүнүн жүрүшү УКМК тарабынан жашыруун видеокамерага тартылып, ал бүгүн 2-сентябрда телеканалдарда жарыяланды. Өмүралиев оппозицияны сатып кеткенин, бирок элдин тагдыры үчүн ушул жолду тандаганын айтты. “Соң-Көлдөгү курултайды "Садыр Жапаров каржылады" дегем, бирок акчаны “Бүткүл Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Чыңгыз Капаровдон алгам. Жалпы-жонунан курултайды өткөрүүгө 320 миң сом жумшалды. Мониторинг жүргүзүүнүн максаты - элдин реакциясын билүү болгон. Эгер эл көп чогулса, мындан да чоң акция уюштурулмак,- деди ал. Белгилей кетсек, Нарын облусунда 24-августта өткөн жаштардын курултайына 200дөй адам чогулган. Өмүралиев буга чейин оппозиция менен бирге иштеп май-июнь айындагы Жети-Өгүздөгү митингдердин активдүү катышуучусу болгон. Бирок ал оппозиция менен иштешүүдөн баш тартканын айтууда.






Оппозициянын 8-9-10-сентябрда өлкөдө баш аламандык кылуу пландарынын бети ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: