super.kg logo

Штаб: "Бишкектеги жана Чүйдөгү эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болууга тийиш"

 

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болууга тийиш. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкекте коронавирус илдетине кабылгандардын саны күн сайын өсүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу боюнча олуттуу чараларды көрүү зарыл. Мобилдик бригадалар, эпидемиологиялык кызматтар, мэриялар жана тармактык кызматтар бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө көзөмөлдө болушу шарт. Инфекцияга чалдыккандар менен байланышта болуп, үй карантинине алынган жарандарга тийиштүү көзөмөлдү күчөткүлө", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал белгилегендей, көчөлөрдө унаалардын жана жарандардын санынын көбөйүшүн шарттаган экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар чөйрөлөрүн жандандыруу санитардык ченемдерди, айрыкча эл көп топтолгон жерлерде кынтыксыз сактоо менен коштолуусу зарыл.

"Ар бир жаран өзүнүн аң-сезимдүүлүгүн жана жоопкерчилигин көрсөтүп, өз саламаттыгынын коопсуздугу үчүн сунушталган санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого тийиш" - деди биринчи вице-премьер-министр.

Анын айтымында, май куюучу жайларда жарандарга касса жайгашкан имаратка кирүүгө уруксат берилбеши керек, алар майды өздөрү куюп, инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн май куюучу шаймандын колдон колго өтүшүнө жол бербөө керек. Такси кызматтары күнүнө бир нече жолу тыкыр дезинфекциялоо жүргүзүп турушу кажет, экиден ашык жүргүнчү салууга уруксат берилбейт.

Республикалык штабдын мүчөлөрү Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин аткарган иштери тууралуу маалыматтарды угушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: