super.kg logo
  Саясат  

Президент Конституциялык палатанын төрагасын кабыл алды. Алар Конституциялык палатанын алдында турган негизги пландар тууралуу сүйлөшүштү

 

Бүгүн, 4-майда президент Сооронбай Жээнбеков Конституция күнүнүн алдында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасын жана бардык Кыргыз жарандарын алдыдагы майрамы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын мамлекеттин турмушунун туруктуулугун камсыздоодогу өзгөчө ордун белгиледи. Президент Кыргыз өлкөсүндө адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндигин коргоо, конституциялык көзөмөл жүргүзүү боюнча мындан аркы иштерге ийгиликтерди каалады.

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын алдында турган негизги пландар менен жакын арадагы милдеттер, анын ичинде санариптештирүү жана материалдык-техникалык камсыздоону өркүндөтүү боюнча айтып берди.

Ошондой эле ал мамлекет башчысына өзгөчө абал шарттарында Конституциялык палатанын судьялары менен аппаратынын аралыктан иштөө режиминин уюштурулушу тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: