super.kg logo

Жалал-Абадда сел жүрүшү мүмкүн делген кооптуу жерлерден жашоочулар көчүрүлүп жатат

 

Жалал-Абад облусунда сел жүрөт деген кооптуу жерлерден эл көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын учурунда айтты.

Ал облус аймагындагы кооптуу делген аймактарды атап, андагы жашоочуларды көчүрүп чыгаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Кооптуу аймакта жашаган райондор - бул Сузак жана Аксы болуп жатат. Сузакта элди кооптуу делинген жерлерден көчүрүп чыгаруу иштери жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүүдө. Эл кооптуу аймактардан атайын тигилген чатырларга көчүрүлүп чыгарылды. Ошол эле кезде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тууган-туушкандарынын үйлөрүнө көчүрүү боюнча дагы сунуштар берилген. Жаан-чачындын көп жаашына байланыштуу кооптуу делинген аймакка мониторинг жүргүзүлгөн", - деди өкүл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: