super.kg logo

Алыскы Аравандын суусуз аймагына суу жеткирилет

 

Кечээ, 3-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Араван районунун алыскы Төө-Моюн айыл аймагынын Эсенбай конушунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Айыл деңиз деңгээлинен 1250 метр бийик, райондун борборунан 150 чакырым алыс, четки айылдардан. Жыл өткөн сайын калк жерди өздөштүрүүнү колго алып, эгин, бак аянттары кеңейтилген үчүн ичүүчү, сугат суунун тартыштык көйгөйү айтылып келүүдө. Өткөн жылы да өкмөттүн өкүлү эл менен жолугушуп, көйгөйдү жеринен көрүп, ирригациялык иштер үчүн 100 миң сом каражат бөлүнүп берилген.

Өкмөткө кат жөнөтүлүп, жыйынтыгында 2015-жылы башталып, токтоп турган таза суу тартуу иштерине каражат бөлүнүп берилген жана жалпы 70 миллион сом өлчөмүндөгү каржынын акыркы 7 миллион сому подрядчылардын эсебине 2019-жылдын декабрь айында которулган. Алар алигиче бүткөрүлүп пайдаланууга бериле электиги тууралуу маалымат беришти. Учурда каражат республикалык казынадан бөлүнүп, тендерден жеңген тарап иш алып барууда. Карантиндик кырдаалга байланыштуу жумушчулар жок, курулуш материалдарын жеткире албай кечиккен. Азыр курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Буюрса, дагы 2 айда таза суу элге жеткирилерин убадалады", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, айыл аймакта 3 миң 700 кожолук жана Эсенбай айылында 169 кожолук бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: