super.kg logo

Өзбекстанда дамба жарылган аймактын тургундары үйлөрүнө кайтып башташты

 

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында 1-майда дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 12 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата тургундар үйлөрүнө кайтып баштаганын өзбек басылмалары жазышууда. Маалыматта президент Шавкат Мирзийоевдин жергиликтүү тургундар менен жолугушканы айтылат.

"Президент жашоочулар үчүн шарттарды түзүүнү тиешелүү жактарга тапшырды. Мындан тышкары өлкө башчы жергиликтүү тургундарга милдеттүү түрдө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

Аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы суу каптоодон улам кызматтык шалаакылык жана тоо, курулуш же жарылып кетүү коркунучу бар иштериндеги эреже бузуу беренелери менен иш козгоду.

"Сардоба" суу сактагычы 2017-жылы курулуп, эки облустун райондорундагы айдоо жерлерди суу менен камсыз кылып турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.05.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бизде болгондо атайын эсеп ачып коймок, жардам бергиси келгендер ушул эсепке акча которгула деп
04.05.2020. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Beksultan01, мамлекет бөлүп алабыз деп элеби
04.05.2020. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бизде страховка жок деп жардам бергиси келбей жататго
04.05.2020. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизде болгондо Ж.Кенеш жыйылыш откорот и дагы откорот дагы откорот анан эл оздору бирдеке кылып алат, ошо м.н бутот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: