super.kg logo

Өмүр сакчылары! Ноокатта коронавирус инфекциясынын очогунда иштеген дарыгерлердин көшөгө артындагы жашоосу (фото, видеобаян)

 
Коронавирус чегине жеткен маалда күн-түн тынбай чоң жоопкерчиликти моюнуна алып иштеген дарыгердин чачы бир айда агарып кеткен.
"Жумуш күчөгөн маалда чач дагы тоскоол болот экен" деген дарыгерлер тобу чачтарын толугу менен алдыртып салышкан.
Дарыгерлер тобу ооруканада жатып иштешкендиктен, нөөмөттү тапшырып коюп кечинде сейилдегенге чыгышат.
Атайын жатып уктаганга кээде убакыт болбой калат. Ушинтип отурган жеринен "чырм" этип алып иштей бермей.
Польшадан келген медицина кызматкерлери Ноокат райондук ооруканада иштеген топко жогорку баасын бергенин айтат Мамажанов.
"Өлкө боюнча эң күчтүү команда Ноокатта, экинчи орунда Сузак районунда экен деген баасын берди".
Ноокат райондук ооруканадан коронавирустан айыгып чыккан бейтап.
Учурда Дилшод Мамажанов баш болгон 8 медицина кызматкери обсервацияга кетишти.
Бишкек шаарынын дарыгер-реаниматологу, анестезиологу Насыржан Адашбаев жана Ноокат райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшод Мамажанов.
Опол тоодой иш кылып, вирустун очогунда өз ден соолугун тобокелге салып кызмат өтөгөн реаниматологдор. Арасында Бишкектен келген кызматкерлер да бар.

SUPER.KG порталы окурмандарга коронавирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлердин күндөлүгүн тартуулайт. Биздин каарман Ноокат райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшод Мамажанов жана анын командасы. Март айынан бери үй бетин көрбөй иштеп жаткан Мамажанов коронавирусту дарылап жаткан ооруканага экскурсия жасап, дарыгерлердин күн тартиби тууралуу кызыктуу сүрөт, видеобаян менен бөлүштү.

Бул Ноокат райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн коронавирус менен ооруган бейтаптар жаткан палаталар. "Ар бир бейтап өзүнчө бөлмөдө жаткырылып, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болот", - дейт дарыгер.

Алгач бейтаптар жаткан бөлүмгө кирерде дарыгерлер эки катмарлуу коргоочу кийимдерди кийишет. Төмөндө видеодо көрсөтүлгөндөй, кийингенде кичинекей нерсеге чейин маани берип, аба кирбегидей бардык ачык жерлерди бекитип, анан үстүңкү катмар кийилет. "Коргоочу кийимден аба өтпөгөндүктөн, бир нече сааттап иштөө оор", - дейт каарман.

Коронавирус эпидемиясы күчөгөн маалда Мамажановдун командасы бир учурда 40 чакты бейтапты карашкан. Ноокатта коронавирустун чекке жеткен маалы апрель айынын ортолоруна туш келген. Бейтаптардын арасында өтө оор абалга түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, айыккандары бар. Төмөндө өтө оор абалдагы бейтаптарды дарылоо учурунан видеолор.

Аба жетпей калган бейтапка жасалма кычкылтек берүүчү аппаратка кошуу учуру.

"Жасалма дем алдыруучу аппарат бул акыркы чекит. Колдон келишинче, бейтаптын абалын ага жеткирбегенге аракет кылабыз. Бирок айрымдардын башка өнөкөт оорулары болгондуктан, баары козгоп, бейтап өз алдынча дем ала албай калганда аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошууга туура келет", - дейт Мамажанов.

Бир медициналык курам 4 саат иштеген соң башка тайпадагылар менен алмашат. Өз ишин өткөрүп берген соң коргоочу кийимдерди чечип, анан таза абага чыгышат. Албетте, коргоочу кийимди бардык эрежени сактап, туура чечүүнү да билүү керек.

Кээде дарыгерлер тобу минтип топ тээп, чер жазышат.

Же жөн гана телефондон акыркы жаңылыктарды окуп, көрүп отурушат. "Мындай "бактылуу мүнөттөр" дайым эле боло бербейт" дейт дарыгер.

"Биз менен 1-курамда иштеген кесиптештер коронавирус жуктурганы аныкталып, 3-курамга бейтап катары келип жатышты. Кесиптештер менен мындай учурда сүйлөшүүнүн өзү оор. Кесиптештерибиздин арасында абалы өтө оор болуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулгандар болду", - дейт Мамажанов.


Бош убакыт табылса, үй-бүлөсү менен сүйлөшүүгө шашат. Баласын 1 жарым айдан бери көрбөгөн эне, канча сүйлөшпөсүн, баласынын саламаттыгына санааркап ыйлап алат.

Бишкек шаарында иштеген дарыгер-реаниматолог жана анестезиолог Насыржан Адашбаев өз каалоосу менен вирустун очогуна иштегени барган.

Эскерте кетсек, Ноокат районунда коронавирус инфекциясы 19-мартта алгач катталып, 7-майга карата 113 жарандан вирус аныкталган. Алардан 108 адам ооруканадан айыгып чыгып, 3 бейтап каза болгон. Ал эми учурда 2 дарыгер ооруканада дарыланууда. Анын бирөөсүн жакында ооруканадан чыгаруу алдында турушат. Бир дарыгердин абалы өтө оор бойдон калууда.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
07.05.2020. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Рахмат азаматтар !Кылган ишинерге Алла раазы болсун биринчиден,экинчиден силерди коргон элин раазы.Озунор да аты жаман ооруну женип эсен аман уй булоонор менен корушушко Аллахым насип этсин...
07.05.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мед кызматкерлери сиздерге терен ыраазычылык билдиребиз дайыма аман болугуздар
07.05.2020. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул дарыгердин катарында менин тагам Жороев Бактыбек да бар.... Тагооов биз сиз мн сыймыктанабыз ар дайым элинизге ак эмгек кылып журо берин Аллахым сизге куч-кубат берсин.....
08.05.2020. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
cher2,таганан башкасына каалоо тилегин жокпу
07.05.2020. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар дайым жакшылыктын үстүндө,сый-урмат гана көрұп жүргүлө. Кудайым ден-соолук берсин! Өмүрүңөр узун болсун!
08.05.2020. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Медиктерге рахмат. Силерге компенсация кобуроок бериш керек. Баардыгына бергенге кучу жетпесе Мамлекеттин, жок дегенде вирустун очогунда иштегендерге 200мин эмес андан беш эсе коп берсе сонун болмок.
08.05.2020. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вирус болгон адамды куну туну дарылаш керек экенби?
08.05.2020. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kyrgyz_bloger, оор абалда жаткандарды күнү-түнү көзөмөл кылбаса бир сааттын ичинде абалы начарлап, о дүйнөгө кетип калышы мүмкүн деп айтылган буга чейинки маектерде.
08.05.2020. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гүлжамал Абылкасымова, Гуль привет. Сага купуя кат жазсам кетпей жатат.. инстаграммда кантип тапсам болот?
08.05.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алкыш силерше айланайын өмүр сакчылары канчалаган бейтаптардын өмүрүн кайтарып бердиңер эмгегиңерге Алла ыраазы болсун о.э.мамлекет да силерге жакшы көңүл бурат деп ишенебиз алган айлыгыңар өтө эле аз ошого карабай элдин кызматындасыңар.Урматтуу президент өкмөт медиктердин айлык акысын көтөрүп койгула уят болот силер жакшы билесиңер булар канча айлык алганын ббардык энелердин атынан кайрылам
08.05.2020. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тенирим сиздерге ден соолук берсин.
Tymar түзөттү 2020-05-08 09:19:28
08.05.2020. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак халатчадардын эмгеги өтө зор. Күнү-түнү дебей оорулууларды сакайтышып, өздөрүнүн ден-соолуктарын тобокелге салып эмгектеништи. Сиздерге Аллах Таала ыраазы болсун. Өлкөбүз мындан ары медиктердин айлык акыларын көбөйтүп, камкордукка алуусу зарыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: