super.kg logo

"1-майдан тарта кыймыл көбөйүп кеткенине байланыштуу көзөмөл кайра күчөтүлөт" дейт өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү

 

Бүгүн, 4-майда Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов облустагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Буга чейин Нарын шаары боюнча өзгөчө абал киргизилип, ал 30-апрелде аяктаган. Бирок Ат-Башы районундагы абалга байланыштуу ал 11-майга чейин узартылган.

Эмилбек Алымкуловдун билдиргенине ылайык, Нарын облусу боюнча жана шаардын ичинде 1-майдан тарта кыймыл көбөйүп, элдин сыртка көп чыгуусу байкалган. Мындан улам Нарын облусундагы 3 пост өзүнүн ишин уланткан.

"Учурда Нарын облусу боюнча 3 пост иштеп жатат. Кочкор районунда “Сары-Чат”, Жумгал районунда “Арал”, Ак-Талаа районунда “Актал-Чат” тосмолору. Аймактарга кирүүгө катуу көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыктан, эгерде жарандарда негиздүү себеп болбосо, аларды киргизишпейт", - деп билдирди Эмилбек Алымкулов.

Ошондой эле аталган посттордо 1-майдан тарта ондогон транспорт зарыл себептери болбогондуктан, кайра артка кайтарылган жана облус боюнча санитардык эрежелерди сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: