super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө вирусту жуктургандардын саны 3 жарым миллиондон ашты

 

5-майга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 580 миң 247ге жетти. Алардын 1 миллион 162 миң 563ү ооруканадан сакайып чыкса, 251 миң 365 адам каза болду.

Коронавирус илдети эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда учурда 1 миллион 180 миң 332 адам оору жуктурган. Андан 187 миң 180 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 68 миң 920 бейтап вирустан көз жумду.

Испанияда 218 миң 11 адам коронавирус илдетин жуктуруп, 121 миң 343 бейтап ооруканадан сакайып чыкты. Ал эми инфекциядан каза болгондордун саны 25 миң 428ге жетти.

Италияда болсо коронавирус менен ооругандардын саны 211 миң 938ге жетип, 82 миң 879 адам ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, 29 миң 79 адам коронавирус илдетинен дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: