Көпчүлүк сүйүп окуган "Күүгүм" китебинин 5-бөлүгү чыгат
Вампирлердин жашоосун баяндаган "Күүгүм" чыгармасынын автору Стефани Майер жаңы китеп чыгаруу алдында турат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы китеп "Түн ортосундагы күн" ("Солнце полуночи") деп аталып, сатыкка 4-августта чыгат.
Айта кетсек, Майер аталган китепти 2008-жылы эле чыгармак болгон. Бирок чыгарманын айрым бөлүктөрү интернетке тарап кеткендиктен, ал чыгарма жарык көргөн эмес.
Чыгарманын "Күүгүм", "Жаңырган ай", "Тутулган ай" жана "Таң" бөлүктөрү 2005-жылдан 2008-жылдар аралыгында жарык көргөн. Аталган китептер бестселлер болуп 37 тилге которулган. Ал эми чыгарманын негизинде тартылган тасмалар эң көп киреше алып келген тасмалардын катарын толуктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.