super.kg logo

10-майга чейин өлкөдө жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт. Абанын температурасы 11-майдан тартып жогорулайт

 
Өлкөдө 10-майга чейин жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, 6-майдан 10-майга чейин:
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
6-майда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 9-майда түнкүсүн айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
9-майда күндүз жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
10-майда күндүз айрым жерлерди жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
6-8-майда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
9-майда күндүз, 10-майда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-майда 14 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
6-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. 6-майда күндүз жана 7-майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
9-майда күндүз жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
10-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
6-майда түнкүсүн айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
8-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
9-майда күндүз жана 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгып жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
10-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
6-майда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
6-майда күндүз жана 7-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
8-майда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтулбөйт. 9-майда күндүз жана 10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 9-10-майларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз жана 7-майда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
8-майда күндүз жана 9-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
9-майда күндүз жана 10-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
11-12-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: