super.kg logo

"100 конок чакырылган тойго 38 адам гана келген". Түркмөнстанда жарандар өздөрү байланыштарды азайта башташты

 

Түркмөнстандын Түркмөнбашы жана Дашогуза шаарларынын тургундары бири-бири менен кол алышып учурашпай калышты. Мындай маалыматты көз карандысыз жергиликтүү басма сөз булактары жазып чыгышты.

Маалыматта корнавирус эпидемиясынын коркунучу астында адамдар тойлорго да барбай калышканы айтылат.

"Түркмөнстанда массалык иш-чараларды жана үй-бүлөлүк майрам, тойлорду өткөрүүгө чектөө коюлган эмес. Ага карабай жарандар арасында кооптонгон учурлар күн санап өсүүдө. Мисалга жакында эле болгон бир үй-бүлөнүн юбилейлик кечесине чакырылган 100 адамдан 38и эле келген. Мурда Рамазан айында кошуналар ооз ачуу жөрөлгөсүн байма-бай уюштуруп келишкен. Учурда бир үйгө чогулган чоочун адамды сейрек кездештирсе болот. Айрыкча Түркмөнбашы жана Дашогуза шаарларында адамдар үйдө отурууга өтө башташканын байкаса болот. Көчөдөн тааныштарды жолуктурганда мурункудай кол алышуу жок, ар бири кыска учурашып жолун улантууга шашып калганын шаар тургундары билдиришкен. Өлкө жетекчилиги калкка коронавирус жок экенин айтып келет. Бирок көпчүлүк жарандар буга ишенбей башташты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.05.2020. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Конокторда уже окшош тойлордон тажады болуш керек, ошол музыкалар, ошол тамактар, ошол эле адамдар.
05.05.2020. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде коронавирус бар деседа ишенбей жатышат,чыкпа деген сайын өчөшкөндөй көчөдө жүрүшөт.Бизде 100 киши чакырса 200 баратко чиркин.
05.05.2020. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кылышат.Сактанганды Кудай сактайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: