super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "УКМК жарыялаган видеотасма - фантастика"

 

УКМК 2-сентябрда жарыялаган видеотасма боюнча мурдагы депутат Садыр Жапаров оюн билдирди. Экс-депутат бул видеону көрүп күлкүсү келиптир. “УКМК жарыялаган видеотасма - фантастика. Күлкү келтире турган жорук дейт элем. Эгер андагы айтылган сөздөр чын болсо, эмне үчүн УКМК мага, Талант Мамытовго жана башкаларга кылмыш ишин козгобойт? 8-сентябрга 5 күн калыптыр, бул аралыкта кантип  жол тосууга жетишмек элек. Азыркы бийлик Акаев менен Бакиевдин эски жоруктарын кайталап жатышат”,- дейт ал. Айтымында, УКМКга оппозициянын пландарын ашкерелеген Эрланбек Өмүралиевди жакында эле тааныган. "Бул тасманы көрүп, андагы айтылган сөздөрдү угуп таң калдым. Карандай калп. Эгер мен УКМКдагылардын ордунда болсом, алдын ала даярданып, анан баарын ошол күнү кылмыштын үстүнөн кармамакмын",- дейт Жапаров. 

 

Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланды. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле.  

 






Оппозициянын 8-9-10-сентябрда өлкөдө баш аламандык кылуу пландарынын бети ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: