Пандемия бүткөндөн кийин кайсы кесипке талап күчтүү болот? Эксперттердин ою
Үйүндө ыңгайлуу кеңсе уюштуруп, ишин уланткысы келгендер үчүн дизайнерлердин, эмерек жасоочулардын жана сантехниктердин кызматы керектелиши мүмкүн.
Интернет дүкөн - үйдө отуруп, керектүү буюмду сатып алууну каалагандар, айрыкча пандемия шартында көп болууда. Карантин бүткөн күнү деле интернет дүкөн актуалдуулугун жоготпойт. Демек бул тармакта иштеген кызматкерлер көбөйөт.
Билим жаатына келсек, мугалимдер анын ичинен репетиторлор.
Карантин бүткөндөн кийинки дагы бир популярдуу кесиптердин катарына айдоочу - курьерлерди, диспетчерлерди киргизсе болот.
Пандемия өткөн соң адамдардын саламаттыгына көбүрөөк көңүл бура башташат. Андыктан социалдык кызматкерлер, оорулууларды караганга жеке жарандар, онлайн дарыгерлер ишке тартыла баштайт.
Изоляцияда көпкө отуруп калып, стресске кабылгандар үчүн, албетте, психологдор керек экени талашсыз.
Биз бул тизмеге дарыгерлер менен тартип сакчыларды киргизген жокпуз. Анткени бул кесиптерге болгон талап ар дайым жогору болуп келген. Айрыкча дарыгерлер пандемия менен күрөшүүдөгү алдыңкы жоокерлер экенин көрсөтүп жатышат. Эми дүйнө аларга башкача көз караш менен мамиле жасап калат деп ишенебиз", - дешкен орус эксперттери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:29
2025-11-06
15:17
2025-11-06
Рейтинг:
3
3
Комментарийлер(2)
Ak_Bulut
06.05.2020. 08:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири дагы колдон келбеген кесиптер экен
Accord.396
06.05.2020. 19:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak_Bulut,стройканы да кошсо болмок экен э)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

"Дүйнө жүзүнө тараган вирустан улам жаралган эпидемиологиялык абал жалпы экономиканы оор жоготууларга учуратты. Анын ичинде ири, чакан, кичи бизнестер каатчылыкка туш болду. Мындан улам ар бир компания кризистен чыгуу үчүн туура стратегия түзүп бере алган адамга муктаж болот. Бул учурда, албетте, антикризистик консультанттар жардамга келет. Мындан тышкары жеке финансылык иштер боюнча консультанттарга дагы талап күчөйт. Андан кийин СММ адистери менен программисттерге болгон муктаждык мурункудан дагы жогорулайт. Буларга контент-менеджерлерди дагы кошсо болот. Анткени карантин шартында социалдык тармакта активдүүлүктүн пайызы өсүп, аралыктан иштөө электрондук платформаларга өтүүгө алып келди. Андыктан бул жаатта иштеген аталган кесип ээлери үчүн жумуш көбөйөт.














