super.kg logo

Чет мамлекеттик адистердин өлкөгө кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча мамлекеттик органдардын өз ара иштешүү алгоритми бекитилди

 

2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында чет өлкөлүк адистердин Кыргыз өлкөсүнө кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана кадамдуу алгоритми бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга жана экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды.

"Мында эки өңүт бар. Бир жагынан биз чет өлкөлүк адистердин келип, биз үчүн маанилүү иштерди башташына кызыкдарбыз. Экинчиден, өлкөгө вирустун кайрадан кирүүсүнө жол бербөөгө тийишпиз. Ошондуктан бул маселедеги мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин ар бир кадамын иштеп чыгуу орчундуу мааниге ээ", - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Бүгүнкү күндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан өнөр жай тармагында - 203, айыл чарба чөйрөсүндө - 3, жол куруу тармагында - 469 өтүнмө кабыл алынды. Чет элдик жарандар 2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын алкагында Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн виза ала турган тийиштүү документтерди топтоо жүрүүдө.

Чет өлкөлүк адистердин Кыргыз Республикасына кирүүсүн макулдашуу маселеси боюнча мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн схемасы жана электрондук виза алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси тиркелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: