super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Чаткал районунун акими: "Медицина кызматкерлери ооруканага жатпай жатышкан, түшүндүрүү иштеринен кийин жатышты"

 

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Чаткал районунда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери ооруканага жатпай, Жалал-Абаддан атайын күч органдары келип, күчкө салып, анан жаткырышыптыр" деген маалымат жөнөткөн. Окуяны тактоо үчүн SUPER.KG порталы Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге байланышып, төмөнкүдөй маалымат алды.

"Медицина кызматкерлери ооруканага алгач жатпай жатышкан, аларга мен барып жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жатышты. Учурда Чаткал районунда медицина кызматкерлеринин баары карантинге алынган. Коронавирус катталган Каныш-Кыя айылындагы башкы дарыгерден коронавирус аныкталды. Ошого байланыштуу 42 медицина кызматкеринен коронавируска ПЦР-анализ алынган, алардын 41и "таза" чыкты. Бүгүн карантинге алынган дарыгерлер менен жолуктум. Тесттин жыйынтыгы кандай чыгат экен деп кыжалат болуп жатышкан экен, аларга тесттин жыйынтыгын угуздум.

Элде "Дарыгерлерди ооруканага жаткыруу үчүн Чаткалга ОМОН, спецназ келиптир" деген сөз чыгып кетиптир. Аларды тартип сакчылары десек туура болот. Алардын куралдары жок, күндө айыл аралап элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Тартип сакчылары бир тарап, эл бир тарап болбосун деп аларга жергиликтүү тургундардан куралган элдик кошуундарды коштук. Бизде медициналык коргоочу кийимдер, дары-дармектер жетиштүү. Элдин кооптонуусуна негиз жок", - дейт аким.

Эске салсак, буга чейин Чаткал районунун акиминин орун басары Асел Чынасова коронавируска шектелген 120 адамдын ПЦР-анализин текшерүүгө жөнөтүп, жооп күтүп жатышканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.05.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыгерлер вирус жуктуруп алса 200000 жолок пул алат деди элего жата берсинда, же жолок пулдан умутун узгонбу.
05.05.2020. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurgaz,200000 сом, только комиссиянын чечими менен гана берилет деп атышат
06.05.2020. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оздору дарыгерлер болсо билишет эле да оорулу болсо дарыланышын.Жон эле кобойтуп атышат окшойт ооруду деп
06.05.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тесттин жыйынтыгын врачтар угузбай,акимдер угузуп калганбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: