Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында обсервацияда жаткан Дубайдан келген жарандар үйлөрүнө чыгарылды

"Дубайдан чартердик каттам менен учуп келип, "Ак-Кеме" мейманканасына жайгаштырылган жарандар бүгүн, 5-май күнү обсервациядан чыгарылды. Алар буга чейин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери обсервациядан чыккан жарандарды атайын унааларга отургузуп, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көлгө коштоп кетишти. Жарандар баргандан кийин да обсервацияга алынат", - деп билдирди басма сөз катчысы.
Эске салсак, буга чейин 26-апрелде Дубайдан 178 Кыргыз жараны учуп келгендиги маалымдалган.
Дубайдан келген жарандар обсервациядан чыгарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.