super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө вирусту жуктургандардын 1 миллион 197 миң 735и ооруканадан сакайып чыкты

 

6-майга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 659 миң 759га жетти. Алардын 1 миллион 197 миң 735и ооруканадан сакайып чыкса, 256 миң 928 адам каза болду.

Коронавирус илдети эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда учурда 1 миллион 203 миң 673 адам оору жуктурган. Андан 189 миң 791 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 71 миң 31 бейтап вирустан көз жумду.

Испанияда 219 миң 329 адам коронавирус илдетин жуктуруп, 123 миң 486 бейтап ооруканадан сакайып чыкты. Ал эми инфекциядан каза болгондордун саны 25 миң 613кө жетти.

Италияда болсо коронавирус менен ооругандардын саны 213 миң 13кө жетип, 85 миң 231 адам ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, 29 миң 315 адам коронавирус илдетинен дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: