super.kg logo

Орус окумуштуулары чылым чеккендер коронавирус менен аз ооруп жатканын айтууда

 

Коронавирус инфекциясынын очогунда иштеп жаткан орусиялык дарыгерлер чылым чеккен адамдар коронавирус менен аз ооруй турганын байкашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай көрүнүштү байкагандыгын алгач Арман Азарян жана Артур Юсупов аттуу дарыгерлер айтышкан. Коронавирус инфекциясынын очогунда иштеген дарыгерлер иш учурунда чылым чеккен адамды дээрлик көрүшпөгөнүн билдиришкен. Бейтаптардын оору тарыхын карап чыгышып, алардан сурамжылоо жүргүзүшкөндө, 130 бейтаптан 11и гана чылым чегерин же мурун чегип, таштап коюшканын айтышкан.

Буга чейин Кытайдын февраль-март айына берген статистикасына ылайык, чылым чеккендер вирус жуктуруу коркунучу көп болгон топко кирген. Ал эми франциялык окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, коронавирустун оор түрү менен ооруган 350 бейтаптын 4,4 пайызы гана чылым тартканын билдиришкен. Ошондой эле "JAMA" аттуу илимий-медициналык журналы коронавирустун оор түрү менен ооруган 84 пайыз бейтаптар чылым чекпегендигин айтышкан.

Окумуштуулар чылым чеккен адамдарда АСЕ2 рецептору азайып кетерин жана вирус так ошол рецепторго таасир этерин маалымдашкан.

Мындай кызыктуу фактыларды бөлүшкөнү менен дарыгерлер чылым чеккен адам коронавируска кабылбайт деген так аныктама чыга электигин жана чылым башка ооруларды козгогондуктан чегүүгө үндөшпөй тургандыгын билдиришет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.05.2020. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э кой ушу окумуштуу ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-05-06 13:36:01
06.05.2020. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окумуштуулар да айнып калышканбы?бири тамеки чеккендер ооруга бат кабылат десе бир кабылбайт дешип.Кимисине ишенээринди да билбейсиң.
06.05.2020. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сигарет бизнес.
06.05.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Насывайчы? Насывайды айтып койуш керек экен буларга.
06.05.2020. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай эмес ушуга окшогон жанылыктарды жазбай эле койбойсунарбы?????Кобу коркуп чекпей калганда кайра кучотуп!!!!!
06.05.2020. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эмес маалымат,кумондуу жерге же адамга маскасыз барып кор жугат вирус чексен чекпесен да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: