super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус илдети жаңы аныкталгандар ооруну кайдан жуктуруп алганын айтты

 

Бүгүн, 6-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын өткөрдү.

Анда ага коронавирус илдети жаңы аныкталган 28 адам ооруну кайдан жуктуруп алганы боюнча суроо берилди.

"Жаңы аныкталгандардын баарын биз көзөмөлгө алып, эпидемиологиялык тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, ошонун жыйынтыктары менен бүт байланышта болгондорду таап жатабыз. Ошолордун арасынан лабораториялык жол менен текшерүү жүргүзүлүп, медициналык көзөмөлгө алынып, үй карантининде кармалып, тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Көпчүлүк учурда байланыштар болуп жатат.

Бүгүнкү күндө 228 адам байланышта болуп, үй очокторунда жуктуруп алгандар. Бул 25-30 пайызды түзөт. Мындан тышкары иш үстүндө же башка жагдайларда байланыш болгондор бар. Айрымдары өзүнүн байланыш баракчасын толугу менен бербей жатат, мындай учурда бардык жактарды аныкташ үчүн бизге укук коргоо органдары көмөктөшүүдө", - деди Үсөнбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: