super.kg logo

АКШ президенти Дональд Трамп медициналык бет кап кийүүдөн баш тартты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Аризон штатындагы "Финикс" аттуу медициналык бет кап жана респиратор чыгаруучу заводго барганда, медициналык бет кап тагынуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, "Финикс" фабрикасы медициналык адистер үчүн коргоочу шаймандарды чыгарат. Аталган мекемеде өндүрүш беш аптага жетпеген убакытта АКШнын медициналык камсыздоочуларынын жеке коргонуу шаймандарынын жетишсиздигинен улам уюштурулган. Трамп өзү болсо, фабрика жумушчулары респиратор кийишкенине карабастан, бет кап тагынган эмес. Америка лидеринин кортежи дагы коргоочу шаймандарды кийүүдөн баш тарткан.

Эске салсак, апрелдин аягында АКШнын вице-президенти Майкл Пенс Миннесота штатындагы ооруканага барганда бет кап кийбөөнү чечкен, анда ал америкалык басма сөз кызматкерлери тарабынан сынга алынган.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШ коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Бул өлкөдө 1 миллион 204 миң 479 адамдан вирус аныкталган. 71 миң 78 адам каза болсо, 189 миң 791 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.05.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жок эле вирус, и саясий оюн экенин буларда билип туратта.
06.05.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
0001KG,ооба айтпа, артиста булар баары трамп менен пиндин саясий оюну эптеп ролдорун аткарып атышатда...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: