Бишкекте зордуктоого байланышкан факты катталды
Бишкек шаарында "зордуктоого аракет кылган" деген айып менен 1986-жылы туулган Б.Тынчтык кармалганын Бишкек шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 26-ноябрь күнү кирпич заводунун аймагында саат 18:30дарда азиат улутундагы, 20-25 жаштардагы жаран 30 жаштагы айымды эч себепсиз сабап, зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөндөн кийин жогоруда аталган жаран колго түшүрүлүп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.