super.kg logo

Вице-премьер: "Баткен облусу селден 55 миллион сомдон ашык каражатка зыян тартты"

 

Баткен облусу боюнча жалпы материалдык зыян тартуу 55 миллион 276 миң 500 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

“Сел турак жайларга, социалдык мекемелердин имараттарына, ички чарбалык курулуштарга зыянын тийгизди. Исфана шаарында, Тогуз-Булак, Маргун, Ак-Суу жана Сумбула айыл аймактарында сел жүргөн. Катталган селдин кесепетинен район боюнча 116 турак жайдын, 5 социалдык мекеменин, 12 өндүрүш жайынын короосун суу каптап, 32 бак-дарактарды мөндүр күүгөн. Эгин талаалары да жабыркап, 5 бодо малды агызган. Ички чарбалык көпүрө да авариялык абалга кептелип, 400 метрден ашуун аралыктагы сай жээктериндеги коргоочу тосмолорду суу жууп кеткен", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: