Бир жылда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн бюджеттен канча каражат талап кылына турганы айтылды
Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров бир жылда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн канча каражат талап кылына турганын сурады.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун айтымында, бир жылда 400 миллион сомдун тегерегинде каражат талап кылынат.
Мирлан Бакиров: "85 метрлик курулган дамба бир саатка да туруштук берген жок. Сапаты өтө начар болгон", - деди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров дамба сапатсыз курулган дегенге макул болуп, бирок өзүнүн дамба коргоочу функциясын аткарганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.