super.kg logo

Тажикстанда белгилүү адамдар коронавирус менен ооруп жатат

 

Коронавирус илдети бар экенин жакынкы мезгилде эле расмий жарыялаган Тажикстанда белгилүү адамдар илдеттен жабыркап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Алгач өлкөгө белгилүү музыкант, композитор Фарход Зикир өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына атасы жана апасы менен бирге вирус жуктуруп алганын айткан. Ал элди медициналык кызматкерлер берген көрсөтмөлөрдү так аткарып, үйдө болууга чакырган.

Ал эми 5-май күнү өлкөнүн "Социал-демократтар" партиясынын төрагасы Рахматилло Зойиров Фейсбук баракчасына ооруп жатканын жазган.

"Сегиз күндөн бери коронавирус менен ооруп жатам. Мага ден соолук каалап коюңуздар. Досторумдан үйүмө келбей турушун суранам!" - деп жазган төрага.
Мындан сырткары белгилүү жазуучу Мухиддин Ходжазод жубайы менен, адабиятчы Абдукодир Рустам дагы аталган илдетке кабылышкан. Жазуучу Ходжазоддун жубайы оорудан көз жумган.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 250гө жакын адамдан коронавирус аныкталып, анын ичинен 2 бейтап каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: