"6 тонна ун, 1 тонна май, 500 килограмм макарон". Ырчы Самара Каримова селден жабыр тарткан Лейлек элине жардам көрсөттү




Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова туулган жери Баткен облусунун Лейлек районуна табигый кырсыктан жабыр тарткан элге жардам көрсөттү. Кайрымдуулук иши тууралуу ырчы SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Биз кечээ Лейлек районуна барып, селден жабыр тарткан элибизге жардам катары үй-бүлөбүздүн атынан 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 килограмм макаронду 100 чакты үй-бүлөгө тараттык. Буга чейин деле тапканымдын үлүш бөлүгүн муктаж адамдарга берип жүргөм. Бирок "бир колуң бергенди экинчи колуң билбесин" деп эч качан жарыялаган эмесмин. Бул жолу да ошентип койсом болмок. Бирок көпчүлүк кадырлаган Чубак ажы көрсөтүп кайрымдуулук кылсаңар болот дегенин угуп, жакшылык иш жугуштуу болсун деген ойдо эл менен бөлүшүп жатам.
Лейлекте дагы деле жамгыр жаап жатат. Жашоочулар көп жылдан бери мындай катуу сел жүрбөгөнүн айтышууда. Чын эле жерине барып, эл чоң жапа чеккенине күбө болдук. Айрымдары үйүнөн, мал жандыктарынан, эгининен айрылып отурушат. Баарынан таң калганым элдин пейили болду. Чоң кырсыкка кабылышканына карабай, сабырдуу болуп, жүздөрүнөн жылмаюу кетпей, бири-бирине жардам кылып, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жадакалса кошуна айылдан келип, жардам бергендер болуп жатат", - дейт Самара.
Самара Каримова Лейлек элине жардам көрсөттү
Самара Каримова селден жабыр тарткан Лейлек элине жардам көрсөттү


Мобу комментарий жазгандар колуңардан 1 адамга жардам бериш колуңардан келбейт көрө албастыктан да эби чени болуш керек да
-Байыбыз мэрез киши экен,койду жиби менен бербейбии...дешкен экен.
Мынча негатив создорду жазасынар жардам берсе да ий деп атасынар,жардам бербей койду деп да жазасынар .
Силерге эмне жаманчылык кылды ырдаса оз оозу менен ырдап журот,кары кишиге тийсе озу жашап журот эч ким кошо жашап кошо ырдап журбойт го...
Кайрымдуулукту жылмайып бербей ыйлап береби,сомсойсо дагы айтмаксынар бергенине ичи ооруп атат деп.Ырдаса ыры жагымдуу кимдин укусу келбейт.Жылмайса жузу суйкумду ким аны жакшы корбойт...