super.kg logo

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусиянын мааракелик медалдары менен сыйланат

 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусиянын мааракелик медалдары менен сыйланат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды.

Ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Орусиянын президентинин атынан "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалы тапшырылат.

Орусия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин президенттердин кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

Кыргыз өлкөсүндө сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам. Ошондой эле 1 миң 769 ооруктун эмгекчилери сыйланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: