"Кызым мага аябай жакын". Ырчы Гүлжигит Сатыбеков алгачкы жолу кызын элге көрсөттү
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков алгачкы жолу кызынын сүрөтүн коомчулукка көрсөттү. "Улуу кызым мага жакын" деген ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалыматтарды берди.
"Бул менин улуу кызым, аты - Элайым. Сентябрь айында, буюрса, 6 жашка чыгат. Үйдүн куудулу да ушул кызым. Анча-мынча чыгармачылыкка жакындыгы да бар. Айтор, атасына аябай жакын. Экинчи кызым Нурайым 4 жашка чыкты, кичүүбүз болсо Салман, 2 жашта", - дейт ырчы.
Эске салсак, көп жылдар бою үй-бүлөсүн жашырып келген Гүлжигит Сатыбеков былтыр "Супер-Инфо" гезитине маек берип, жеке жашоосун ачыктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Уй бүлөлүк бакыт чыгармачылык ийгилик каалайм. Эң мыкты эң таланттуу ырчылардын бири