super.kg logo

"Видеодогу тагдырлар жүрөгүмдү оорутту". Министр Кочкоров тамада Бөрүбаевди коомдук кеңешчи кылып дайындады (видео)

 

Тамада жана куудул Эрнест Бөрүбаев коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин учурунан бери муктаж болгон же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келе жатат. Ал жарандарга жардам эле берип калбастан алардын абалын чагылдырган видеолорду социалдык тармактарга жүктөп, элдин ушундай катмары бар экенин айтып, калкка, бийликке жеткирүүдө. Бөрүбаевдин бул кадамына ыраазы болуп, бата берип, алкыш айткандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатат.

Аны 6-майда Кыргыз өлкөсүнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабыл алды. Министр тамаданын жасаган иштерине ыраазычылык билдирип, ага алкыш баракчасы менен кошо мекеменин коомдук кеңешчиси экенин тастыктаган күбөлүк тапшырды.

"Наристеси менен жолдо калган же кош бойлуу аялдардын жалпы эле коомдун аярлуу катмарларын коомго жакшы жеткирип берип жатасың. Уктап жаткан коомчулукту ойготуп, ушул ишке салып койдуң. Министр катары, бул маселелерге жооптуу адам катары терең ыраазычылык билдирем. Сени менен иштешкибиз келет. Биз айтсак дагы, айтпасак дагы бул ишти кылып жатасың. Ошондуктан туура көрсөң коомдук кеңешчи деп сага күбөлүк тапшырууну туура деп жатам. Мындан ары кеп-кеңеш, акыл күтөбүз. Тарткан видеолоруң, андагы тагдырлар чынында жүрөгүмдү оорутту", - деп билдирген Бөрүбаевге күбөлүк тапшырып жатып Улукбек Кочкоров.






Улукбек Кочкоров тамада Эрнест Бөрүбаевди коомдук кеңешчи кылып дайындады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(10)
07.05.2020. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Аллах ыраазы болсун эл үчүн кылган кызматыңарга!!!
07.05.2020. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Соонун кабар ийгилик каалайм
07.05.2020. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кудайым берем десе күтүлбөгөн жерден берип коёт ушинтип
07.05.2020. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азамат, Эрнис ушинтип эл керегинде болуп жүрө бер.
07.05.2020. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Куттуктайбыз дагы да Эл кыдырып жардам берип тур
07.05.2020. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сизге намаздарымда дау кылам дайыма
07.05.2020. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жон эле грамота берип койбодун да,эми ушул жонундо дагы соз укпасан эле болду.
Osh2017g түзөттү 2020-05-07 08:57:53
07.05.2020. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул күнгө чейин карапайым элге жардам бергендеринизди Аллахым кабыл кылыптыр. Сыйлык ээсин тааптыр. Сиз бул сыйлыкка татыктуу адамсыз. Мындан да чооң көптөгөн ийгиликтерди жана жардамдарды күтөбүз карапайым калктан чыккан адамсыз
07.05.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура чечим , жаштар колдоого өтө муктаж , мына Эрулан Кукулов да өтө мыкты , көздү жигит ушуну да колдош керек !!!
08.05.2020. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрнистке ийгилик каалайм!Элге жардам кыла бер дагы.
У.Кочкоровдун кабинетинде эки сүрөт илинип турат.Бири С.Жээнбековдуку.Экинчиси калп болбосо И.Разаковдуку окшойт.Жакшы кылыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: