Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдөн кийин “Ала-Тоо” аянтынан 130 метр куб таштанды чыгарылды
Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга караган түнү,
Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдөн кийин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан 130 метр
куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Таштандыларды
тазалоо иштери “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан саат 23:00дөн
04:00гө чейин жүргүзүлдү. Ага 13 атайын техника жана 53
жумушчу тартылыптыр. Жалпы шаар боюнча бул күнү 7 миң метр куб таштанды
чыгарылганы белгилүү болду.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















