super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактын ачылуу аземине катышты

 

Буга чейин Бишкек шаарындагы Көкчөтаев менен Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атынан коюлган сейил бак курулуп бүткөнү маалымдалган.

Ал эми бүгүн, 7-майда сейил бактын ачылышы болду. Салтанатуу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, мэр Азиз Суракматов жана шаар тургундары катышты.

"Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир шаарга, айылдарга жана үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. Согушка республикадан 365 миң адам кеткен, алардын үчтөн бири келбей калган. 150 миңден ашуун Кыргыз жарандары ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Чолпонбай Түлөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
07.05.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга шугур акырындан Кыргызстаныбыз да онугуп келтат, жаны нерселер ачылып
07.05.2020. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
zaman96,
Калты айтпай эле кой. Сокеден толк жок.
07.05.2020. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкек мэриясы карантинде шаардыктарга белек даярдап коюптур да жаңы парк ачып. Бишкегим жашылдана бер!!!
07.05.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бишкегим ушунчалык сагындым шаарыбызды..... дагы дагы жаны озгоруулорду кутобуз, буйуруп насип кылган куну абасынан жутар кунумубузда жакындыр.....
07.05.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
келип турган 9 май Жениш майрамыныздар менен мекендештер
07.05.2020. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо эмнеге патенти 3 айга алдын ала бергиле деп сурап жатат сурасан мамлекетке жардам кылгыла деп жатат уят окмот кетип эле калгылачы 2 кундон бери Бишкек шаарынын борбордук кочолорундо 85% свет жандырбай жатат экономит этип атабы кап карангы баары азыр окмот туп тамырынар менен жоголгула эл ушундай тажап турат
anash түзөттү 2020-05-07 21:06:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: